COVID-19: Республикалык штабдын 12-апрелге карата маалыматы
Кечээ, 12-апрелде республика боюнча СOVID-19 вирусун жуктуруунун 38 жаӊы учуру катталды.
Кыргызстанда жалпы тастыкталган 377 учур катталды. Алардын ичинен – Жалал-Абад облусунда – 89, Ош облусунда – 119, Ош ш. – 54, Чүй облусунда – 21, Баткен облусунда – 4, Бишкек ш. – 59, Баткен облусунда – 4, Нарын облусунда – 25, Ысык-Көл облусунда – 6.
– 12 медицина кызматкеринде COVID-19 вирусу тастыкталды, инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны – 63 учур. Жаӊы учурлардын ичинен 1 медкызматкер Бишкек шаарында, 5 – Нарын облусунда, 6 – Ош шаарында.
– Лаборатория менен COVID-19 аныкталган бейтаптар менен байланышкан жактардын саны – 6537.
– Жалпысынан стационарда жайгашкан COVID-19 инфекциясы аныкталган бейтаптардын саны – 318 түзөт. Алардын 11 оор абалда, алардын ичинен, 6 адам реанимацияда.
– Бир сутка ичинде 10 бейтап стационардан чыгарылды (Ош облусу – 5, Жалал-Абад ш. – 5). Бардыгы болуп ушул учурга чейин 54 бейтап айыгып чыкты.
– Кыргызстан боюнча обсервацияда жаткандардын саны – 1025 адам.
– Өлкөдө мындан ары кризистен чыгуунун 2-этабын жана бизнес секторун колдоо боюнча каржылоонун булактары (ички жана тышкы) аныкталды. Буга 14 млрд сом жумшалат.
– Ири ишканалардын ишмердүүлүгүнө жана көйгөйлөрүнө анализ жүргүзүлүп жатат. Салык кызматынын маалыматына ылайык, алардын саны 2000ден ашык.
– Турмушу оор кырдаалдагы үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам көрсөтүү улантылууда.
– Араван районунун дыйкандары өндүргөн 110 тонна айыл чарба азык-түлүктөрү (сарымсак, пияз, капуста ж.б.) Казакстанга жана Россияга экспорттолду.
– Гуманитардык жардамды координациялоо максатында түзүлгөн Башкы штаб Бишкек шаарындагы 3 социалдык балдар мекемелерин тамак-аш азыктары менен камсыз кылды.