COVID-19 вирусу менен ооруп айыккандарга кайрадан вирустун жаңы түрү жугушу мүмкүн

COVID-19дан айыгып чыккан бейтаптар кайрадан коронавирустун жаңы штаммын жуктуруп алуу коркунучу бар. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги Алымкадыр Бейшеналиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлиги КРда канча адам коронавируска чалдыкканын изилдеп, антитело тестин өткөрүп жатат.

«Бул иш-чараларды айдын аягына чейин бүтүрүп, жарандардын канча пайызы ооруп чыкканын ЖМКга билдиребиз. Коронавирус узак убакытка чейин созулат. Пандемияга чейинки мурунку жашоо образына кайтып келүү үчүн, эмдөөдөн өтүшүбүз керек. Эпидемиологиялык эрежелерди сактабай, маскаларсыз жүргөн адамдардын көпчүлүгү, негизинен жаштар, илдетке чалдыккандан кийин, инфекция аларга таасир этпейт деп ойлошот. Бирок, практика көрсөткөндөй, көптөгөн өлкөлөрдө ооруп бүткөн адамдардын кайрадан татаал форманы жуктуруп алгандары катталды”, – деди Алымкадыр Бейшеналиев.

Март айынан бери республикада COVID-19 вирусун жуктургандардын 82 миң 587 учуру катталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.