COVID: Россияда бир суткада 1184 бейтап көз жумду

Акыркы сутканын ичинде Россия Федерациясынын аймагында коронавирус инфекциясынын кесепетинен 1184 бейтап каза тапкан. Бир суткада көз жумган бейтаптардын саны боюнча Москва шаары (91 адам) алдыда. 2-орунда Санкт-Петербург (62 адам) шаары.

Муну менен Россияда коронавирустан айыга электе жалпы 282 миң 462 адам каза болду.

Пандемия башталгандан бери COVID-19 диагнозу менен 9,8 млн адам катталса, алардын ичинен 8,5 млн адам айыкты.

Учурда 1 млн 688 373 бейтап дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru