Дүйнө жүзүндө куш тумоосунун жайылышы катталууда

Жапониянын түштүк-батышында куш тумоосунун очогу катталды. Анын кесепеттерин жоюу үчүн бийлик армияны колдонуп жатат. Санитардык чаралардын алкагында 850 миңге жакын тоок союлушу керек. Белгилей кетсек, бул айдын башынан бери өлкөдөгү жетинчи эпидемия. Ал эми Данияда куш тумоосу Рандерс шаарындагы фермада 25 миң тоокту жабыркаткан. Алардын баарын жок кылуу керек. Ферманын айланасында 3 чакырымдык коопсуздук зонасы түзүлүп, анда бардык бакма канаттуулар фабрикалары көзөмөлгө алынат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.