Дүйнөдө акыркы жумада 4 миллиондон ашуун адамдан COVID-19 табылды

Соңку жумада коронавирустан каза болгон адамдар көбөйдү. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирди.

Акыркы жумада COVID-19 вирусунан каза болгон адамдардын саны 11 пайызга өстү.

Ошондой эле 6 жумадан бери коронавирус жуктурган адамдардын саны көбөйүүдө. Акыркы жумада эле 4 миллиондон ашуун адамдан COVID-19 табылган.

Коронавирус жуктурган адамдар эң көп Түштүк-Чыгыш Азияда, тактап айтканда Индияда катталууда.

Бүгүнкү күндө дүйнөдө 133 миллиондон ашык адам коронавирус жуктурду. Алардын ичинен 107,2 млн киши сакайса, 2,8 млн адам көз жумган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.