Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1млн кишиден ашты
Жонс Хопкинс университетинин коронавирус боюнча жүргүзгөн эсебине ылайык дүйнөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1 млн кишиден ашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.
Маалыматка ылайык, дүйнөдө жалпы 1 млн 18 миң 948 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алган. Анын ичинен 53 миң 211 киши көз жумган.
212 миң 357 адам оорудан айыккан.
Учурда бул илдетти жуктургандар көбү АКШда болууда – 245 миңден ашык киши. Италияда 115 миңден ашык, Испанияда 112 миңден ашык, Германияда 84 миңден ашык адам коронавирус жуктурган.