народный

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 2,5 млн кишиден ашты


23-апрелдин саат 9:00гө караган убактысына карата жалпысынан 2 миллион 627 миң 630 киши коронавирус жуктуруп алган. Бул сан күн санап өсүүдө. Бул туурасында бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдирет.

Маалыматка ылайык, илдеттен каза болгондордун саны 183 миң 336 жеткен. Ошондой эле коронавирусту жуктуруп алган 4 миллион 466 миң 559 адам айыкканы айтылат.

Эске салсак, пневмонияга окшош оорунун тараганы тууралуу маалымат 2019-жылдын декабрь айынын аягында белгилүү болгон. Вирус башка да өлкөлөргө тарап, Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму пандемия деп жарыялаган. Учурда 185 өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган учурлар катталган. Тилекке каршы анын ичинде Кыргызстан да бар. Биздин өлкөдө 612 адам коронавирус жуктуруп алса, 8 адам мындан улам көз жумган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru