Дүйнөдөгү арзан шаарлардын рейтинги чыкты

Казакстандын Алматы шаары менен Өзбекстандын борбор шаары Ташкент жашоо үчүн дүйнөдөгү эң арзан шаарлар деп табылды. Бул тууралуу The Economist Intelligence Unit изилдөө компаниясынын жаңы рейтингин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, аталган компаниянын рейтингинде Алматы 131 ал эми Ташкент 132чи орунга жайгашкан. Мында азык-түлүктүн, кийим-кечектин жана чач тарачтардагы кызмат көрсөтүү арзан экени белгиленген.

Ал эми рейтингдеги эң кымбат шаарлардын сап башына Гонконг, Сингапур жана Япониянын Осака шаары кирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru