Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ооруканалар оңдолууда

Дүйнөлүк Банктын каржылоосу менен ооруканалардын капиталдык оңдоп-түзөө иштери аяктоодо. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда борбор калаадагы эки медициналык уюм “COVID-19 инфекциясына чукул даярдануу” долбоорунун алкагында Дүйнөлүк Банктын эсебинен оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жандандыруу, патология бөлүмдөрү оңдолуп, Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Улуттук госпиталдын 24-бөлүмү иретке келтирилүүдө, алар 2020-жылдын июль айында COVID-19 менен ооругандар үчүн кайрадан иштелип чыккан.

Графикке ылайык, бардык медициналык мекемелердеги оңдоо иштери ушул жылдын февраль айынын аягына чейин бүтөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.