Дүйнөнүн 20 өлкөсүндө коронавирустун жаңы штаммы аныкталды

АКШнын Аллергиялык жана жугуштуу оорулар улуттук институтунун директору Энтони Фауки коронавирустун жаңы “омикрон” штамы дүйнөнүн 20 өлкөсүндө аныкталганын айтты. Бул тууралуу ТАСС маалымдады.

Маалыматка караганда, дүйнөдө жалпысынан COVID-19 жаңы түрүн жуктурган 226 учур катталды. Дүйшөмбү күнү, 29-ноябрда 18 штат жана 205 учур болгонун кошумчалады. Ошондой эле,уюмдун жетекчиси сандар тынымсыз өсүп жатканын айтты.

Буга чейин коронавирустун жаңы омикрон-штаммынын атиптик белгилери белгилүү болгон. COVID-19нун жаңы варианты менен ооруганда жыт жана даам сезүү жоголбойт, температуранын жогорулашы жана күчтүн жоголушу гана белгиленет.

Мындан тышкары, бейтаптардын көпчүлүгүндө жүрөктүн кагышы тез. Дарыгерлер “омикрон” штаммы биринчи кезекте жаштар арасында тарай турганын белгилешет.

Вирус табылган Түштүк Африка Республикасынын дарыгерлери “омикрондун” жаштар арасында тездик менен жайылып баратканына тынчсыздануусун билдиришти.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru