“Дүйнөнүн топ модели” сынагына кыргыздын кайсы сулуусу катышат?
“Супермодель Кыргызстан – 2021” улуттук наамынын ээси, 21 жаштагы Саадат Асылбекова “Дүйнөнүн топ модели” сынагына Кыргызстандын атынан катышат. Бул тууралуу “Мисс Кыргызстан” улуттук сулуулар сынагынын дирекциясы билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын 27-февралынан 14-мартына чейин Хургадада (Египет) Top Model of the World сынагы өтөт.
11-мартта өтө турган сынактын финалына чейин Саадат көптөгөн иш-чараларга катышып, сүрөт тартууга милдеттендирилет. Улуттук кийимдер сынагынын алкагында ал 19-кылымдагы кыргыз сулууларынын кийимдеринин негизинде жасалган стилдештирилген улуттук кийимди тартуулайт. Андан сырткары сынакта катышуучулар купальник жана кечки көйнөк менен чыгышы керек.
