Дүкөндөн 13 миң сомдун азык-түлүгүн тоногон шектүү кармалды

Бишкекте дүкөндү тоноого шектүү кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Патрулдук милиция кызматынын башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн саат 03.20да милицияга Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан азык-түлүк дүкөнүн белгисиз адам тоноп кетти деген билдирүү түшкөн.
Патрулдук милиция кызматынын кызматкерлери бир адам 13 миң сомдук тамак-ашты уурдап кеткенин аныкташкан. Тинтүү учурунда 24 жаштагы шектүү кармалып, Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилди.
ФактыКЖБРда катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 200-беренеси “Уурулук” боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru