народный

Дөөлөт Рысбаев, “Кийиз дүйнө” коомдук фондунун мүчөсү: “Синтетика калпактан башы жара болуп кеткендер бар…”

Бүгүн 5-март ак калпак күнүнүн урматына калпактардын түрлөрүн сурап “Кийиз Дүйнө” фондунун мүчөсү Дөөлөт Ырысбаевге кайрылдык. Дөөлөт бизге  эр ою, аял ою, салттагы унутулуп бараткан түшүнүктөрдү кенен айтып берди.

–Дөөлөт мырза, коомчулукта аял ою, эр ою деген түшүнүк жокко чыгып бараткансыйт. Калпактарды деле оюусуна карабай эле сатып ала беребиз…

–Туура, калпактарды сатып алууда кармап көрүп, баштын формасына туура келсе, кийип кете беришет. Сатуучулар дагы эптеп эле калпак сатсам болду дебей кийе турган кишинин жашын сурап, анан сунушташса жакшы болмок.  Ал эми оюлар боюнча айтсам кээде калпактарга аял ою салынып кеткени болуп калат. Бирок көп эмес. Ал эми “Умай эне оюсу”-деп өспүрүм балдарга салынчу ою бар. Бул абдан кооз ою. Апалар муну атайын “көргөн кишинин көзү балама эмес, калпагына, оюсуна түшсүн”-деп көз тийүүдөн сактанышкан. Анын үстүнө ойноо бала аппак калпакты бат эле кирдетип салат. Ошого карап, кир көтөрүмдүү болсун деп  кадимки эле биз колдонуп жүргөн пияздын кабыгына кийизди боёп анан калпак тигишкен.  Мындай оюсу барларды 1-12 жашка чейинкилер Умай эненин мээрими , колдосун деп сактоочу катары кийишкен.

–Негизи калпактардын кыргагындагы  түстөр кандай маанини берет?   

–Калпактын кыргагына карап эле байыркы ата-бабаларыбыз эркек кишинин социалдык, үй-бүлөлүк абалын байкап коюшкан. Азыр бул салт колдонулбай унутулуп бара жатканы өкүндүрөт.  Кызыл кыргагы бар калпакты үйлөнө элек, кыз издеп жүргөн боз  жигиттер кийет. Күрөң кыргагы бар калпакты бүлө күтүп калган, бир эки баласы барлар кийишет. Ал эми орто жашап, небере күтүп калгандар кара кыргагы бар калпактары кийе беришет. Аксакал жашына келгендер аппак калпак кийишет. Арууланып, ак батасын берип төрдүн көркүнө жарашып олтурса сонун көрүнөт. Салтыбызды бурмалабай калпак кийе беришсин. Болгону синтетика калпакты кийишпесе. Андан башы жара болуп кеткендерди көргөнбүз. Кийиз калпактан өтөөрү жок.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru