Дагы 19 адамдан коронавирус аныкталды. Алар кайсы аймактардан?
Кыргызстанда 23-апрель саат 10:00гө карата коронавирус жуктурган дагы 19 жаңы учур катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.
Бишкек шаары – 8
Чуйская облусу – 4
Ош шаары – 4
Ошская облусу – 3
Жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 631 адамга жетти.