народный

Дагы 9 талапкер парламенттик шайлоодон баш тартты

  Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 19-ноябрдагы жыйында парламенттик шайлоого катышуудан баш тартканын билдирген талапкерлердин кайрылуусун карады.

Шайлоого катышпай турганын билдирген талапкерлер:

– Турдалиев Айбек Чыныбекович («ОРДО»)

– Адилет Али Мыктыбек («Кыргызстандын жашылдар партиясы»)

– Токтосунов Шарабидин Бекташевич («Улуу Журт»)

– Темирбаев Мухаммед Миңбаевич (№8 Төлөйкөн шайлоо округу)

Бул округда 4 талапкер калды.

– Насырбеков Бакытбек Насырбекович (№16 Ноокен округу)

Бул округда 4 талапкер калды.

– Иманкулов Эркин Токтаалиевич (№22 Жайыл округу)

Бул округда 7 талапкер калды.

– Жумакадыр уулу Манасмиң (№12 Өзгөн округу)

Бул округда жалгыз талапкер калды.

– Төлөшов Тынчтыкбек Абдынадырович (№10 Куршаб округу)

Бул округда 9 талапкер калды.

– Мамаюсупов Абдыхалил Шадманович (№3 Кадамжай округу).

  • Муну менен 19-ноябрга карата бир мандатту шайлоо округунан 291 талапкер калды. Ошондой эле 21 партия бар.

    28-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгында 36 мандаттын ээси бир мандаттуу шайлоо округдарынан, 54 депутат партиялардын тизмесинен аныкталат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru