Дагы бир күмүш! Роман Сарыбаев ардагерлердин дүйнө чемпионатында экинчи орунду багынтты

Бул Кыргызстандын капчыгына түшкөн төртүнчү медаль. Буга чейин ата мекендик спортчулар эки алтын, бир коло байге алган.

 Кыргызстандык балбан Роман Сарыбаев эркин күрөш боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

88 килограмм салмакта ат салышкан Сарыбаев финалда россиялык Булат Дашинимаевге 10:0 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.

Кыргызстандын ардагер балбаны баштапкы этапта өзбекстандык Усманжон Юсуповду, чейрек финалда казакстандык Абай Смагуловду, ал эми жарым финалда америкалык спортчу Жеймс Медейрону уткан.

Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты 19-октябрда Грециянын Лутраки шаарында башталды. Ал 24-октябрга чейин созулат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru