Дайынсыз жоголгон 12 жаштагы Аида Сүйөрова Бишкектен табылды
12 жаштагы Аида Сүйөрова Бишкектен табылганын анын туугандары билдиришти.
Ал кечээтен бери дайынсыз жоголуп, издөө иштери жүргүзүлүп келген.
Кыздын ден-соолугу чың экендиги белгиленди. Ыктыярдуу куткаруу отрядынын өкүлдөрү туугандарына жана полицияга жардам көрсөтүштү.
Кыз Тунгуч кичи районундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча 12-ноябрдан бери дайынсыз болгон.