Дайынсыз жоголгон 18 жаштагы кыз изделүүдө

Дайынсыз жоголуп кеткен Айдана Зоотпекова изделип жатат. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

“Зоотпекова Айдана Зоотпековна 2002-жылы төрөлгөн. Ал 2020-жылдын 30-августунда Лебединовка айылындагы Мичурин көчөсүндө жайгашкан үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келген эмес”, — дешти милициядан.

Өзгөчө белгилери: бою 160-165 сантиметр, чачы кара, ийинине чейин жетет, көзү кара.

Үстүнө жука кызыл куртка, ак сызыктары бар кызыл водолазка кийип жүргөн. Бутунда кара ботинка болгон.

Кызды көргөн-билгендер болсо (0312) 36-35-27, (0999) 21-07-09, (0709) 21-18-08, (0550) 34-33-63, (0778) 00-09-99 номерлерине же 102ге кайрылып коюңуздар!

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru