Дайыр Исмадияров, ырчы: «Мен көп нерсени түшүнбөй, ТИМди күнөөлөй бериптирмин»

Египеттеги эс алуусунда жүрүп,  коронавирус дартына байланыштуу киргизилген карантинден улам өлкөгө кире албай калган ырчы Дайыр Исмадияров ТИМ иштебей жатат деп нааразычылык билдирген болчу. Өлкөгө келгенде гана абалды толук түшүнгөнүн «коом press» сайтына билдирди:

  «Чындыгында Египетте жүргөндө көп нерсени түшүнбөй бизди карабай жатышат дей бериптирмин. Абалды толугураак Кыргызстанга келгенде билдим. Бизди алып келебиз деп Казакстан менен аябай сүйлөшүшүптүр. Учактан түшөөрүбүз менен баардык шарты бар автобустарга салып чек арадан текшерүүсүз өткөрүп алып келишти. Учурда эң мыкты шарты бар мейманканага жайгаштык.  Милициялар доктурлар келип, анализ алышууда. Мейманканадан эч ким кирип чыкккан жок. Мындай шарттар үчүн Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине ыраазычылык билдирем»-дейт ырчы.

Белгилей кетсек бүгүн өкмөт чет өлкөдө Кыргызстанга кире албай калган 130 жаранды атайын учак жалдап, алып келди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru