Дайырбек Орунбеков: “Төшөк аңдыгычтар – бүгүнкү бийликтин чыныгы душманы”

Журналист Дайырбек Орунбеков: “Төшөк аңдуу, кол салуу боюнча ким кеңеш берип жаткан болсо, ал адам бүгүнкү бийликтин чыныгы душманы”, – деген пикирин билдирди.

“Мындай жийиркеничтүү аракеттер – бутага алынган объектинин кадырын түшүрбөй, жыйынтыгында ар кандай көз карашта жүргөн, ынтымагы жок оппозицияны бириктирип жатат. Бул ыкма менен эч ким абийир тапкан эмес, тескерисинче аянычтуу тагдыр менен бүтүшкөн. Ошондуктан, “төшөк аңдыгычтардын” кеңешин бийлик укпашы керек, же ал аракеттерди тыйбаса болбойт.

Жыйынтыгында эмне болот? Оппозиция радикалдуу кадамга даярдык көрө баштайт, ортолук көз караштагылар сол тарапка өтөт. Азыр мамлекет үчүн тынчтык эң маанилүү, жараны ырбатпай, каршылаш болгон тараптар ымалага келүүсү зарыл.

Алдыда жалпыбыздын душманыбыз күтүп жатат. Ал – энергетикалык, экономикалык кризис, жакырчылык. Ушундай душмандар турганда ынтымак бололу. Оштон келе жатып Токтогул суу сактагычындагы агып кирген суунун соолуп калганын көрдүм. Жакында ГСМ тартыштыгы башталат. Эпидемиологиялык абал курч бойдон!

Ушундай абалда ары жок кыргыз, бөлүнбөй эле коелучу! Ынтымак болбосок жок болуп кетебиз! Эптеп эле шылтоо таап, бийликти сындагандар дагы, бийликти сындап койсо алардын төшөгүн аңтаргандар дагы эсиңерге келгиле, от менен ойнобогула!!!”, – деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru