Даниэл Ажиев 2 ай тергөө абагында камакта болот

Бишкектин Биринчи райондук соту Даниэл Ажиевди №1 убактылуу кармоочу жайга киргизүү чечимин кабыл алды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

26-март күнү Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Жазык кодексинин 313-беренесинде (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну — 1990-жылы туулган Даниэл Ажиев кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгону аныкталды.

Эми Ажиев 2 ай тергөө абагында камакта болот.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru