народный

Дарыгерлерди мамлекеттик бюджетке акча которууга мажбурлашууда деген маалымат тарады

Бүгүн социалдык тармакта өзүн дарыгер катары тааныштырган Турганбүбү Орунбекова деген аялдын:

“Бул эмне деген шумдук? Биз дем алышсыз, өмүрүбүздү тобокелге салып иштеп атсак, бүгүн казначействосунун буйругу менен медиктер бир күндүк айлыгыңарды которосуңар дейт? Кимге?” -деп билдирүү тараткан. Бул билдирүү талкууга алынып кеткендиктен Саламаттыкты сактоо министрлигинен “Бул 100% жалган. Эч кандай медиктерге акча чогулткула деп айтылган эмес. Тескерисинче мамлекет алардын айлыгы көтөрүп, канча иштесе эмгегин баалап жатабыз. Мындай жалган маалыматтарга ишенбеңиздер. Ар бир жалган маалымат сөзсүз текшерилет жана мыйзамдын алдында жооп берилет”-деп жооп берди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru