Дарыканадагы терминалды тоногон шектүү кармалды

Токмок шаарында белгисиз адам дарыканага кирип, ал жердеги терминалды тоногон.  Бул тууралуу  коопсуздук күчтөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

 Алардын айтымында, 21-ноябрдан 22-ноябрга караган түнү Токмокто  саат 05:00 чамасында белгисиз адам терминал жайгашкан дарыканага кол салган.  Кол салган адам терминалды ачып, ошол жерден акча уурдаган. 

 Бул факт катталып, тергөө иштери башталды.  Учурда келтирилген чыгымдын көлөмү иликтенип жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru