Дастан Бекешев жаңы Конституцияга каршы топ түзөт

Депутат Дастан Бекешев парламентте жаңы Конституция боюнча референдум өткөрүүгө каршы топ түзүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу ал өлкөнүн жаңы Негизги Мыйзамынын кабыл алынышына каршы жарандык форумда билдирди.

“Садыр Жапаров дайыма бир нерсени айтып, андан кийин оюн өзгөртөт”- деди ал. “Ал эми 10-январда референдум болбосо, анда баары бир Конституция өзгөрүлөт. Алар парламент менен каалаганын жасашат. Эгерде ушунун бардыгы азыр токтоп калбаса, анда мен каршы топ түзөм. Ал тургай, өзүмдүн досторумдан каражат издөөгө даярмын”- деди Бекешов.

Ошондой эле ал блогерлерди жана журналисттерди жаңы Конституцияны жарнамалоо үчүн акча албоого үндөдү.”Акчаны алып кетесиңер, бирок андан кийин аябай жаман болот, биз падыша менен жашап калабыз. Эми биз кандай болбосун каршы чыгышыбыз керек, болбосо кеч болуп калат.”- деп билдирди.

Leave A Reply

Your email address will not be published.