Дастан Бекешов:”Конституциялык реформа керек болчу”

«Конституциялык реформа керек болчу, бирок шашылбай жана бир адамдын талабы менен эмес»,- деген пикирди депутат Дастан Бекешев «Эксперт Талдайт» эфиринде билдиргендибилдиргендигин кабарлады. «Бизде жаңы нерсе болгондо, ага жаңы үмүттөр пайда болот. Жетинчи чакырылыш дагы ушундан башташы мүмкүн. Менин каршы болгонумдун дагы бир жагдайы: референдум өткөргөнгө караганда, кайталап шайлоо өткөрүү алда канча арзан болмок. Неге? Жетинчи чакырылыш Конституцияны референдумсуз эле өзгөртүшү мүмкүн. Отуруп жарандык коом менен шашпай талкулаш керек болчу. Садыр Жапаров мындан эч нерсе жоготпойт деп ишенем », – деди эл өкүлү. Садыр Жапаров кечээ, 25-октябрда, КР ЖКга шайлоо 2021-жылдын биринчи жарымында өтпөй тургандыгын билдирди. Буга чейин бир катар саясий партиялар шайлоонун жылдырылышына макул эместигин билдиришкен.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru