Дастан Жумабеков дарыканаларды эмне себептен кыдырганын ачыктады

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастан Жумабеков “Говори тв” сайтына түз эфирде журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди:

“Фарм компанияларды кыдырып текшерүүм күтүүсүз болуп калды. Пандемия каттуу каптаган учурда он күндүн ичинде дарыканаларда баа көтөрүлүп кетти.  Ызы-чуу башталганда ишкерлер жана өкмөт тарабынан керектүү дарылар алынып келбептир. Ошол эле учурда фарм компаниялар дароо баасын көтөрүп, байып кетүү аракетин көрө башташты. Мен ММКлардан “депутаттар кайда карап олтурасыңар, баа асмандап кетти”-дегенди окуй баштадык.  Анан мен чыдабай жолдон кетип баратып эле айдоочума унааны токтоттуруп дарыканага кирип бааны сурадым.  Өзүм баа сураганымдын себеби фарм компаниялардын ээлерине кыйын учурда  байыйын десеңер силерди Кудай менен өкмөт, бийлик кечирбейт дегенди айткым келди. Ошол эле учурда каржы полициясы текшерүү жүргүзүп бааны түшүрүүгө жетиштик. Демек, элге пайдалуу болду деп эсептейм”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.