Даваатка тыюу салууга болбойт. Дин таануучу Кадыр Маликов пикирин билдирди

 Ал жергиликтүү маалымат кызматтарынын бирине маек куруп, кечээки Нарын Областынын комендантынын өлкө боюнча даваатка тыю салуу керек деген сөзүнө жооп берген:

“Коронавирустун айынан дүйнө мусулмандарга башкача карап, ойлонуп калды.  Бирок даваатты биротоло тыю деген туура эмес. Андан көрү даваатты кандай жол менен текшерүүгө алыш керек ошону ойлонуу зарыл. Кудайга ишенген киши сөзсүз даваатка кетүүнүн бир жолун табат. Эми үй-бүлөсүн ачка калтырып, бир эки жылдап кетип калгандар бар. Аларды жөнгө салса болот. Мисалы азыр даваатчы бара турган маршруттук линясын аныктап уруксат алат. Андан кийин ИИМден соттолбогону, кылмышттуу ишке катыштыгы жоктугун аныктаган аныктама менен даваатка жөнөп кетет. Ушул жагын оңдоону  муфтият ойлонуп аткандыр”-деди ал.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru