Делинин тургундарынын көздөрү күйүп, тамагы ачышып…-(ВИДЕО)

Шейшемби күнү Индиянын борборунда абанын сапаты өтө төмөн  деңгээлге түшүп, Делинин тургундарынын  көздөрү күйүп,  тамагы ачышып, аба жетпей калды. Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, Делинин абанын сапатынын жалпы индекси кечээ 488ге көтөрүлүп, акыркы бир жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти.

Маалыматта көрсөтүлгөндөй, , өпкө рагы, жүрөк-кан тамыр ооруларына алып келүүчү PM2.5 бөлүкчөлөрү 2019-жылдын ноябрь айынан бери эң жогорку деңгээлге жетип, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун коопсуз чегинен 30 эсе жогорулады.

Абанын сапатынын начарлашына бир жагынан коңшу штаттардагы эгин өрттөрү жана түтүндөрдөн чыккан газдар себеп болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru