Депутат Өмүрбек Бакиров “Кумтөрдөн” $200 миңден айлык алган кыргыз чиновниктеринин аттарын атады-(ВИДЕО)

“Кумтөр” алтын кени боюнча жаңы түзүлгөн депутаттык комиссиянын кезектеги отурумунда депутат, комиссиянын мүчөсү Өмүрбек Бакиров комиссиянын эксперттик курамына “Кумтөр” алтын кенин иштетип жаткан чет элдиктерден 200 миң доллардан эмгек акы алган кыргыз чиновниктеринин атын атады.

“Мен алардын атын атагым келет: Калыйнур Садыров, Нурлан Кыштообаев жана Карыбек Ибраев. Булар мурун “Кумтөрдүн” директорлор кеңешинин мүчөсү болушуп, 200 миң доллардан эмгек акы алышып жүргөн. Бүгүн биздин комиссияга эксперт болуп алышыптыр. Эми булар бизге чындыкты айтмак беле? Тескерисинче бизде, бул жерде болуп жаткан сөздөрдү мурунку кожоюндарына жеткирип жатышпайбы? Ошондуктан арабызды тазалап алсак”, – деди депутат Өмүрбек Бакиров.

Булак: Kyrgyztoday.org

Leave A Reply

Your email address will not be published.