народный

Депутат Абылкайыр Узакбаев: «Кыргызстан алымдардан бошотулганына карабастан, күйүүчү май кымбат болууда»

Эки ири департаментти өзүнчө бөлүп, Айыл чарба министрлигин жеп менен суудан ажыратуу – туура эмес саясат. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде 2020-жылдын жазгы-талаа жана чарбалык жумуштарды өткөрүүгө карата даярдыктын жүрүшү боюнча Өкмөттүн маалыматы угулуп жатканда билдирди.

«Мисалы, Жер маселелери боюнча агенттик түзүлдү, эми Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фонунун өткөрүп берүү жана кабыл алуу маселеси боюнча кимиси жооп берет?», – деген собол салды депутат Кенжебек Бокоев.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Айыл чарба министрлигинен эки мекемени өзүнчө бөлүп чыгаруу туура эле чечим болгонун белгиледи.

Депутат Абылкайыр Узакбаев Кыргызстан алымдардан бошотулганына карабастан, күйүүчү майдын баасы жогору болуп жатканын айтты. Фермерлерге күйүүчү майды кимден сатып алса баары бир, эң башкысы арзан болсо болду. Жол боюнда 10 сомго арзан күйүүчү майлар сатылып жатат. Ошондуктан, Өкмөт Материалдык резерв фонду аркылуу сатып алып, аны фермерлерге арзан берүү жагын ойлонуп көрүшү керек. Ансыз дыйкандар кыйналып калат», – деп кошумчалады ал.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru