Депутат Акылбек Жапаров Умрага барып келгенин тастыктады

  Учурда өлкөдө коронавирус умрадан келгендерден чыгып жатканына байланыштуу айрым аймактарга өзгөчө кырдаал киргизилди. Депутат Акылбек Жапаров дагы умра сапарына барып келгендердин бири. Ал муну «коом press» сайтына тастыктап, төмөнкүлөрдү билдирди:

  “16-20-февралга чейин Умра сапарына барганым чын. Бирок келээрибиз менен баардык текшерүүдөн өтүп, 2 жума үйдө жатып анан коомчулукка чыкканбыз. Биз барган учурда Кыргызстандан жана арап өлкөлөрүндө дагы эч кандай вирустун ызы-чуусу каттала элек болчу”-дейт эл өкүлү.

Учурда Кыргызстанда коронавирус менен катталгандардын саны төрт адамга жетти

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru