Депутат Дастан Бекешов “жардам алып жаткандардын аты жөнү, сүрөтү ачык жарыялансын”- дейт

  Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов  өзүнүн жеке баракчасына жазды:

“Кээ бир адамдар учурдагы кырдаалга байланыштуу таратылып жаткан  жардамды көп жолу алып атат. Ал эми айрымдар таптакыр албай калышууда. Ошондуктан мобилдик тиркеме ачып, ким канча жардам алып жактаны боюнча ачык жазылып турсун. Эл ким жардам алганын билип туруш керек”-дейт.  Ал эми көпчүлүк жарандар “кыргыз менталитетинде жардам алып аны ачык жарыялоо уят. Жардам бергиси келгендер жөн эле бере берсин. Тизме өздөрүндө эле калсын”-деп талкуу болууда.

Эскерте кетсек  бүгүн коронавирус дарты менен ооругандардын саны он адамга көбөйдү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru