Депутат Эмиль Токтошев суракка чакырылды

Бул тууралуу өзү билдирди. 

“Өмүр жолумдагы өзүм туу туткан бир чындык бар! Ал өзүмдүн ичимдеги абийирди сатпоо! Кандай гана абал болбосун, чындыкты сүйлөп, түз жүрүү!

Саясий ишмердигимде коомдогу туура эмес окуяларды, саясий теңсиздикте ар дайым калыс сөзүмдү айтып келем.

Убагында белизгейт үчүн Сегизбаевди, ТЭЦ үчүн Исаковду катуу сындап, Атамбаев, Жээнбековдордун өкмөтүнүн ар бир туура эмес иштерине сын айтып, Текебаевди түрмөгө отургузганда да өзүмүн позициямы өзгөртпөй, ар жакка өтө качпай, ар дайым  бир нукта келе жатам.

Ушу кезге чейин  сөз эркиндиги бар үчүн  коомдогу, саясаттагы бардык туура эмес иштерди айтып келдик!

Мына, ушул күн да келди”-дейт эл өкүлү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru