народный

Депутат Эмил Токтошевдин «Бай Элим» компаниясына таптакыр тийешеси жок

Бул тууралуу бүгүн “АКИpress” маалымат сайтына “Бай Элим” компаниясынын башкы директору Рысгүл Акимжанова маалымат жыйын берип жатып билдирди. Бул убакытка чейин ишкер Кеңешбек Касымбеков “Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев менин ишкерлигимди тартып алды. “Бай Элим” менин компаниям болчу”-деген билдирүү тараткан. Ал эми компаниянын башкы директору Рысгүл айымдын айтымында анын эч кандай компанияга тийешеси жок. Жөн гана өндүрүлгөн товарларды жеткирип берүү менен алектенген адам болгон.  Товарларды тараттуу учурунда 11миллион 162 миң сомдук товарды алып,   тийешелүү жактарга таратып берип акчаны кайра алып келген эмес. Ошондуктан компания Кеңешбектин үстүнөн арыз жазган. Учурунда соттук дистанциянын баардык стадиясында “Бай Элим” компаниясы аны утуп алышкан. “Биз анын депутатка асылган кадамына таптакыр түшүнбөй жатабыз. Саясат кылам десе жаңылышат.Бул жерде Эмил  Токтошевдин эч кандай тийешеси жок. Кеңешбек Касымбеков буга чейин эле бизди коркутуп ар кандай сөздөрдү айтып жүргөн болчу. Мыйзам баарыбызга бирдей. Биз эми анын азыркы кадамдары үчүн сотко кайрылабыз”-дейт Рысгүл Акимжанова.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru