народный

Депутат И. Өмүркулов тармактык министрликти органикалык айыл чарба өнүмдөрүн өнүктүрүү үчүн долбоорлоо жана аналитикалык иштерди активдештирүүгө чакырды

Бүгүн, 31-январда КСДП парламенттик фракциясынын жыйынында КР Өкмөтүнүн айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча чаралары жана Өкмөттүн токтомдору менен бекитилген  “Айыл чарбасын каржылоо ( 1-7)”  долбоорлорунун ишке ашырылышы жөнүндө маалыматы угулду.

Талкуу жүрүшүндө фракция депутаттары экономиканын агрардык тармагын туруктуу өнүктүрүүнү жана органикалык өнүмдөрдүн атаандаштыкка туруштук беришин шарттоочу чараларды кабыл алуу боюнча маселелердин кеңири чөйрөсүн көтөрүп чыгышты.

Депутат Айнура Осмонова азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуудагы керектөөлөргө, тагыраак айтканда, негизги тогуз азык-түлүктүн төртөө башка мамлекеттерден импорттолооруна токтолду. Ошону менен катар эл өкүлү тармактык министрликти Европа бирлигиндеги өлкөлөрдөн 6,2 миңден ашуун аталыштагы товарларды алымсыз алып кирүүгө Кыргызстанга берилген укукту – ВСП+ макамынын преференциясын активдүү колдонууга чакырды.

Депутат Абдывахаб Нурбаев «Айыл чарбасын каржылоо» долбоорунун алкагында фермерлер менен дыйкандарга насыя берүү көлөмүнүн кыскарышына нааразычылыгын билдирди. Анын айтымында, 2019-жылы мамлекеттик субсидиялар 471 млн сомго кыскарган. Ошондой эле депутат Өкмөттүн өрүк менен күрүчтү кайра иштетүү боюнча күч-аракетин жетишсиз деп баалады.

Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун насыяларына жетүү кыйын болуп жаткандыгына токтолгон депутат Автандил Кулбараков аталган фонд ишкерлердин арыздарына терс жооп берген учурлары көп экенин айтты.

Өз кезегинде фракция лидери Иса Өмүркулов Айыл чарба министрлиги мобилдүүлүктү талап кылган, рынок шартында дыкат талдоого негизделген саясатты жүргүзүүдө жана айыл чарба өнүмдөрүнө прогноз жасоодо базар экономикасынын шарттарында иштөөгө көнүшө албай койгондугун сынга алды. «Тилекке каршы, силер өнүгүүнүн келечегин, айыл чарба өнүдүрүшчүлөрү менен натыйжалуу иштешүүнү алдын ала көрө алган жоксуңар»,- дейт ал.

Мындан сырткары фракция лидери Айыл чарба министрлигинин натыйжалуу иштеши үчүн органикалык айыл чарба өнүмдөрүн өнүктүрүү сыяктуу келечектүү багыттарды жандандырууда долбоорлоо жана аналитикалык ишмердүүлүктү күчтөндүрүүсү зарылдыгын баса белгиледи. «Эл аралык донор уюмдар экологиялык жактан таза азык-түлүктөрдү өндүрүү боюнча долбоорлорду кош-колдоп каржылайт. Ал үчүн сапаттуу долбоорлорду даярдоо зарыл»,- дейт И.Өмүркулов. Муну менен катар Айыл чарба министрлигин Долбоорлорду даярдоо боюнча аналитикалык борбор түзүүгө, ошондой эле фермерлерге маалыматтык-консультациялык кызмат көрсөтүүгө чакырды.

Талкуу соңунда КСДП фракциясынын депутаттары Өкмөттүн айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча маалыматын эске алуу боюнча чечим кабыл алышты.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru