Депутат Марлен Маматалиев: «Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактардан болгону 10 млн сом айып пул жыйналган»

Демилгечилердин айтымында, өлкө аймагында 27 маанилүү жол бар, анын ичинде 18 жолго биринчи кезекте автоматташтырылган таразаларды орнотуп, жүк ташуу агымына көзөмөлдү күчөтүү зарыл. Ошондо жүк тартуу жайларында орун алган коррупциялык схемалаларга бөгөт коюуга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул тууралуу депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште автомобиль жолдорунун сакталышын камсыз кылууга багытталган мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

Демилгечилердин бири депутат Марлен Маматалиев жаңыдан салынган жолдор четинен кайра бузулуп жатканын белгиледи. «Жолдордун тез арада бузулушунун себеби – ашыкча жүк ташыган транспоттук каражаттар. Ошондон улам, мыйзам талаптарын бузган жүк ташуучуларга карата айып пул санкцияларын колдонууну катуулатуу демилгеси сунушталып жатат», – деди ал.

Ошентип, Өкмөттүн макулдугу менен кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелерин, автомобиль жолдору, көчөлөр же темир жол өтмөктөрү менен өткөрүү эрежелерин бузган жүк ташуучу автомобиль ээлери үчүн 8-категориядагы салык салууну колдонуу сунушталууда. Ага ылайык, боюнча айып пул жеке адамдар үчүн 17 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 55 миң сомду түзөт.

Андан тышкары, сунушталган мыйзам долбоору аркылуу транспорттук көзөмөл жайларын автоматташтырылган тутумдар менен жабдуу, мамлекеттик ыйгарым укуктуу органга транспорттук каражаттын салмак габариттик көзөмөлүн жүзөгө ашырууда автоматтык режимде иштеп турган видеожазмалуу атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган бузуулар боюнча токтомдорду иштеп чыгуу жана таратуу мүмкүнчүлүгү берилип жатканы белгилүү болду.

Баяндамачы мыйзам долбоорунун башкы максаты айып пулдун өлчөмүн көтөрүү менен, кошумча каражат табуу эмес экенин белгиледи. «Негизги максат жолдо жүк ташуу тартибине көзөмөлдү күчөтүү аркылуу автожолдордун сапатын сактап калуу болуп саналат. Баардык жүк тартуу жайларында автоматташтырылган таразалар орнотулса, андагы адам катышы кыйла азайып, коррупциялык жосундарга бөгөт коюлат», – деп кошумчалады Марлен Маматалиев.

Белгилей кетсек, жол салууга алынган насыялар Кыргызстандын тышкы карыздарынын 2 млрд 600 млн сомун же жолго салынган жалпы каражаттын 80 пайызын түзөт. Мурдагы жөнөкөй таразалыр 6 миңге чейин гана бузууларды аныктаса, азыркы автоматташтырылган 20 миңге чейин бузууларды аныктай алат. Буга чейин жолдо жүк ташуу эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактардан болгону 10 млн сом айып пул жыйналган.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru