народный

Депутат Масалиев: «Максим Бакиев 12 жыл 200 млн долларын бекитип койгудай тупой эмес»

Максим Бакиев 12 жыл 200 млн долларын бекитип койгудай тупой эмес. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев Koom.Press агенттигине билдирди.

Эл өкүлү “Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси, Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанымал, коррупцияга шектүү Алексей Ширшовдун айланасында болуп жаткан акыркы окуялар тууралуу пикирин айтты.

Энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн адамдын кармалып, кайра тез эле эркиндикке чыгып кетиши коомчулукта катуу сынга кабылган.

Бул боюнча президент Садыр Жапаров билдируу жасап, анын Максим Бакиевге таандык болгон 200 миллион долларды кайтарууга жардам көрсөтөм дегендигин жана сүйлөшүүлөр болгондугун жазган.

Исхак Масалиев президент мындай жолугушуулардан абайлаш керек деген пикирде.

– Балким президентти бирөө алдап койгондур, же президент билип, башкача айтып жаткандыр. Мен айта албайм. Ал таза деп атса, таза деп эсептейт да. Ал акча боюнча айтсам, 200 млн долларды Максим укам 12 жыл бир жерде бекитип турганына тан калам да. Ал тупой бала эмес го. Чынбы, калппы мен билбейм. Эгерде табылса, бюджетке түшөт. Бирок, мен ал акчанын табылышына ишенбей элем. Максим Бакиевдин Кыргызстандагы болгон мүлк-байлыгы конфискация болгон, чет жактагылары болгон эмес. Президент кандай сүйлөшкөнүн билбейбиз, сүйлөшө турган бирдемелери бар. Эгер 200 миллион долларды кайтарса, биз тиги жигитти кечиребиз десе, муну бир гана сот чечиш керек, – деди Масалиев.

Депутаттын айтымында, өзүнүн же мамлекеттин кызыкчылыгы үчүнун өлкө башчы кээ бир нерселерди жашырышы мүмкүн.

– Балким биз көп нерсени билбейбиз. Президент чет жакка барганда кантип сүйлөшкөнүн. Эми, ал «мамлекет учун иштеп атам, эмнени гана кылбайм» – деп ачык эле айтып атпайбы. «Эч кимдин сын-пикирине кулак да салып койбойм» – дейт. Ширшов оңой эле чыгып кетиши мүмкүн, дагы бирдемелери чыгат да. Аскар Акаев келгенден кийин мен эчтекеге тан калбайм. УКМК «Акаевге карата кылмыш иши» – бар десе, Президент «ак» – деп жатат. Ширшов боюнча прокуратура «иш бар» – десе, ал «ак» – деп жатат. Эмне кылам эми. Убакыт көрсөтөт. Калп сүйлөгөн киши эртеби кечпи ачыкка чыгат, – деп кошумчалады депутат.

Эске салсак, «Дастан» ишканасынын мурдагы жетекчиси жана Максим Бакиевдин өнөктөшү катары таанымал Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалган. Бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралып, соттун чечими менен ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылган.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru