Депутат Нурдинов КТРКны жоюуну сунуштады

Өткөн жылдын октябрь айындагы шайлоодо, андан кийин президенттик шайлоодо КТРК бир жактуу саясат жүргүзүп жатты. Азыр кантип иштеп жатканын дагы эл көрүп жатат. Ошондуктан КТРКны жоюп, жеке телеканалга айландырыш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов бүгүнкү жыйында билдирди.

Анын айтымында, КТРКнын пайдасы жок жана көрсөтүүлөрү бир тараптуу.

Ошондой эле эл өкүлү КТРКнын Байкоочу кеңешинин ишине канаатанбай тургандыгын билдирип, байкоочу кеңешти кайра түзүүнү сунуштады.

Кошумчалай кетсек, бүгүн, 8-сентябрда парламентте Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын 2020-жылдагы иши жөнүндө КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету угулуп жатат. Бирок жыйынга байкоочу кеңештин бир да мүчөсү келген эмес. Жалгыз гана КТРКнын Байкоочу кеңешинин төрагасы Кубат Болотканов келген. Белгилей кетсек, буга чейин КТРКнын Байкоочу кеңешинин отчету парламенттин жалпы жыйыныда каралып, бирок байкоочу кеңештин мүчөлөрү келбегендиктен кийинкиге жылдырылган болчу.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru