Депутат Орозайым Нарматова дагы УКМКга суракка чакыртылды

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясынан депутат Орозайым Нарматова УКМКга суракка чакыртылды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жатышат.

Маалыматка ылайык, ал 14-январда саат 16:00гө суракка чакырылган.

УКМК бул боюнча маалымат бере элек.

Учурда аталган фракциянын лидери Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru