Депутат: “Сүйлөгөндө таза орусча же таза кыргызча сүйлөсөк”

Бүгүн, 12-январда парламенттин жыйынында депутат Адахан Мадумаров жалпы кесиптештерине эки тартипти сунуштады.

 Эл өкүлү тил маселесине токтолуп орусча-кыргызча сүйлөп жаткан депутат Султанбай Айжигитовго тийиштүүдөй маселе көтөрүп чыкты.

“Сүйлөгөндө таза орусча же таза кыргызча сүйлөсөк. Аталасын чыгарбасак. Комитеттин төрагасы болобу же башкасы болобу баяндама жасап жатканда кыргызча билбейби анда Лев Толстойдун тилинде сүйлөсүн. Кыргызча сүйлөйсүңбү анда аралаштырбай сүйлө”— деп сунуш киргизди.

Ошондой эле, Мадумаров Жогорку Кеңештин жыйынын өз убагында баштоону талап кылды.

“Иш саат ондо башталат дегенде баштасак. Саат онго беш мүнөт калганда келип отурсак. 6-7 жаштагы биринчи класттын окуучулары 7;30 га сабакка барып жатат. Укаланып мобу жерде туруп алып анан 7-жолу чогулуш өткөрөсүңөр кайра. Тартипти өзүбүздөн баштасак. Биринчи саат 10:00дө иш башталышы керек” – деди эл өкүлү.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru