Депутат совет доорунда Ооганстанга жиберилген партиялык жана советтик кызматкерлердин статусун согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушун киргизүүдө

Жогорку Кеңеште «Согуштун, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери, ооруктагы эмгекчилер жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Пирматов.

Демилгечи мыйзам долбоору аркылуу КПСС БК тарабынан кезинде Ооганстанга саясий иштерди жүргүзүү үчүн жиберилген партиялык жана советтик кызматкерлердин статусун согуш ардагерлерине теңдештирүү сунушун киргизүүдө. «Кыргызстандан Ооганстанга ушундай тапшырма менен 5 кызматкер жиберилген. Азыр алардын согуш ардагери макамы жок болгондуктан, жеңилдиктер каралган жок. Ошондуктан, аларга согуш ардагери макамын берүү зарыл», – деди ал.

Белгилей кетсек, ушу тапта Кыргыстанда КПСС БК тарабынан кезинде Ооганстанга саясий иштерди жүргүзүү үчүн жиберилген Михайлов атуу бир гана жаран бар.

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru