народный

Депутат Суусамырда сууга чөгүп каза болду

Панфилов районундагы Вознесеновка айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты Бакир Исаков Суусамырда ӨКМ кызматкерлеринин көз алдында сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу 24.kg агенттигине анын эжеси Назима Исакова билдирди.

Анын айтымында, Бакир Исаков Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкери менен биргеликте Суусамырдагы аралчада тыгылып калган атын чыгаруу аракет кылган.

– Кайык оодарылып, алар сууга кулап кетишкен. Иним ӨКМдин кызматкерин жээкке түртүп, өзүнүн арканы үзүлүп кетип, аны суунун агым алып кеткен. Куткаруучулар өздөрүнүн кесиптешин гана эмес, биздин тууганыбызды да сактап калуу үчүн чара көрүшү керек эле деп ойлойбуз. Үч күндөн бери аны таба алышпай жатат. Бизге издөө иштерине 23 куткаруучу тартылганын айтышты, бирок биз эки кайык менен төрт гана куткаруучуну көрдүк. Калган издөөгө жардам бергендердин баары биздин адамдар, – деди Назима Исакова.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru