Депутат Токтогул ГЭСинин кышкы даярдыгы кечеңдеп жатканын билдирди

Жогорку Кеңештин депутаты Замирбек Эсенаманов 10-июнда парламент жыйынында Токтогул ГЭСинин кышкы даярдыгы кечеңдеп жатканын билдирди. Ал энергетика жана өнөр жай министринен бул кырдаал тууралуу түшүндүрмө талап кылды.

“Токтогул ГЭСинин 4-агрегаты оңдоп-түзөөдөн өтүп жатат. Бирок керектүү шаймандар чет өлкөдөн келбей калганына байланыштуу иш токтоп турат. Шартка ылайык, оңдоп-түзөө иштери 15-ноябрда бүтүшү керек эле. Бирок иш кечеңдеп, кыш мезгилине чейин созулуп кетиши мүмкүн болууда. Бул өзгөчө кырдаалга алып келиши ыктымал. Ошондуктан парламенттин кийинки аптадагы жыйынында Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана Энергетика министрлиги менен маселени чогуу талкулайлы”, — деди Эсенаманов.

10-июнга карата Токтогул суу сактагычында 10,6 миллиард куб метр суу топтолду. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик 3 миллиард куб метрге аз.

Leave A Reply

Your email address will not be published.