народный

Депутаттар Канат Исаевди спикерликтен кетирүү боюнча кол топтой башташты

Бүгүн, 28-октябрда депутаттар Канат Исаевди спикерликтен кетирүү боюнча кол топтой башташты. Бул маалыматты бир нече депутат тастыктады. Алдын ала маалыматтар боюнча, бул кызматка Талант Мамытов көрсөтүлүшү мүмкүн. Бирок ал өзү бул жөнүндө айтуу эрте, бирок ар бир депутат спикерликке талапкерлигин койсо болот деди. Белгилей кетсек, Канат Исаев 13-октябрда спикер болду.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru