Депутаттар шайлоого барган министрлерди кызматтан биротоло кетүүнү сунуштап жатышат

Парламент шайлоого барган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди жумуштан кетүүгө милдеттендирүүнү сунуштайт. Бул тууралуу депутат Алтынбек Сулайманов «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында парламенттин кезексиз сессиясында билдирди. Сулаймановдун айтымында, көп учурда чиновниктер шайлоо өнөктүгү учурунда ыйгарым укуктарды убактылуу эле токтотушат,андай болбошу керек. «Эгерде шайлоого барууну чечсе, анда алар иштен кетсин. Шайлоодон кийин жумушка кайтууга алардын моралдык укугу жок. Эгерде эл аларды колдобосо, алар кантип иштей беришет?»- деп эсептейт Алтынбек Сулайманов. Алтынбек Сулайманов партиялар үчүн шайлоо босогосун 3 пайызга, күрөөнүн өлчөмүн 1 миллион сомго чейин төмөндөтүүнү жана №2 форма боюнча добуш берүүнү чектөөнү сунуштоодо. Айрым депутаттар каршы чыгып, босогону кеминде 5 пайызга түшүрүүнү сунуштоодо

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru