народный

Депутаттар тобу Өкмөттүн ыйгарым укуктарын жарандык коргонууга ылайык келтирүү демилгесин сунуштады

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети Өкмөттүн ыйгарым укуктарын жарандык коргонуу жаатына ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан “Жарандык коргонуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – Жогорку Кеңештин депутаттар тобу.

Демилгечилердин бири Закир Шараповдун айтымында, “Жарандык коргонуу жөнүндө” мыйзамдын 2-беренесине ылайык, өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чаралары суу ташкындарын, сел агымдарын коопсуз өткөрүү, кыртыш сууларынын деңгээлин төмөндөтүү, жер көчкү жараяндарынын кооптулугун азайтуу жана өзгөчө кырдаалдардан коргоо иштери үчүн жүргүзүлөт.

“Ошондон улам, Өкмөттүн жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктарын калктуу конуштарды жана тиричиликти камсыз кылуучу обьектилерди коргоо боюнча атайын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу иш-чараларын жүргүзүүнүн тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү менен толуктоо сунушталууда”, – деди депутат.

 

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru