Депутаттардын айлыгы кыскарат

Президент Садыр Жапаров республикалык бюджеттин чыгаша бөлүгүн оптималдаштыруу жөнүндө жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жарлыктын максаты — республикалык бюджеттен чыгашаларды иретке келтирүү боюнча негизги чараларды ишке ашыруу. Жарлыктын алкагында Жогорку Кеңештин депутаттарына кеткен чыгымдарды азайтуу боюнча зарыл чаралар кабыл алынды. Тактап айтканда, парламентарийлердин кызматтык айлыктары төмөндөтүлдү.

— Жогорку Кеңештин Төрагасынын кызматтык айлыгы 30 миң сом өлчөмүндө;

— Вице-спикерлер – 27 миң сом:

— парламенттик фракциялардын лидерлерине жана комитеттердин төрагаларына — 26 миң сом:

— депутаттарга — 25 миң сомдон айлык бекитилди.

Жарлыкта бюджеттик чөйрөдөгү кырдаалды жакшыртуу боюнча механизм киргизилген, аны менен бирге эч кандай каражат коротулбайт. Механизмди «мамлекет каражатына карап иш кылышы керек» деген жалпыга маалым принцип менен мүнөздөсө болот, тактап айтканда, мамлекеттик аппаратты кармоо үчүн коротулган мамлекеттик бюджеттин чыгашаларын кескин үнөмдөө.

Маселен, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарына турак жай үчүн кенемте төлөнүп келген. Бул жарлык менен кенемте жана кызматтык унаа алып салынды, ал эми учурдагы кызматтык батирлер турак жайы жок парламент депутаттарына бөлүштүрүлөт.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru