Депутаттарга түндүк-түштүк унаа жолунун курулушу качан бүтөөрү айтылды

Түндүк-түштүк жолунун курулушу толугу менен 2023-жылы аяктайт. Бул тууралуу инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу, АӨБ долбоорунун мониторинги боюнча адиси Тагай Алимбаев парламенттин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин отурумунда билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күнгө чейин 117 чакырым асфальт төшөлдү. Туннель пландаштырылган 3800 метрдин 2800 метрин басып өттү.

«COVID-19га байланыштуу пландан четтетилди, бирок биз аны минималдаштырууга аракет кылып жатабыз. Кадрларды мобилизациялоодо бир аз кыйынчылыктар болду. Кечигүү болжол менен үч-беш айды түзөт », – деди Тагай Алимбаев.

Leave A Reply

Your email address will not be published.

Яндекс.Метрика
koompress@yandex.ru