Депутаттын тууганы миң доллар пара менен кармалды

УКМКнын кызматкерлери тарабынан депутат Сагындык Келдибаевдин Ош бажысында иштеген бир тууганы миң доллар пара алып жатып кармалды. Алган парасын эки эселеп мамлекетке төгүп, эми өзү үй камагына чыкты. Мындан ары ал депутаттын иниси бажыдагы кызмат ордуна кайтып бара албайт жана сот өз өкүмүн чыгарганга чейин үй камагында болот.

Айтмакчы, коомчулук тарабынан «үй камагына чыгарбаш керек эле» деген жүйө чыга баштады. Анда мамлекетке Келдибаевдер бир да сом төлөбөй, шектүү катары кармалган адамды мамлекет багып, кайтарып отура бермек.

Leave A Reply

Your email address will not be published.