Димаш Жеки Чандын туулган күнүн домбра менен ырдап куттуктады (ВИДЕО)
Димаш өзүнүн жеке баракчасына атактуу актёрго домбра менен ырдап, куттуктап берген видеосун жарыялады
“Ырдап берип жатып мен бир аз толкундандым. Мен анын адамдык сапатына жана жөнөкөйлүгү дайыма суктанам. Биринчи жолу жолугушууга ал мени өзү чакырды. Баш аягы үч жылдан бери жакшы дос болуп жүрөбүз. Туулган күнүңүз менен Жеки ага”-деди ал.
Жеки Чан Димаш менен «I am singer» проектисинде көрүп өзү таанышууга чакырган.